Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Түркиялык журналисттерге каршы башталган сот учурунда мушташ чыкты


Ыстамбул шаарында кечээ күнү беш түркиялык журналистке каршы сот башталды жана биринчи жыйын учурунда адвокаттар менен улутчул укукчулар ортосунда мушташ чыгып кетти. Өткөн жылдын сентябрында Түркия жетекчилиги армяндардын кыргыны тууралуу конференциянын өткөрүлүшүнө тыюу салган жана журналисттер аны сындаган макала жазган. ХХ-кылымдын башында болгон кыргынды Анкара геноцид деп таануудан баш тартып келет жана ал тууралуу айткандарды өлкөнүн мамлекеттүүлүгүнө доо кетирип жатат деп күнөөлөйт. Сот 11-апрелге чейин токтотулду.

XS
SM
MD
LG