Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Искра айылындагы чыр-чатакты өкмөттүк комиссия жөнгө салууда


БИШКЕК. Вице- премьер министр Адахан Мадумаров жетектеген өкмөттүк комиссия өкүлдөрү бүгүн Искра айылында кыргыз жана дунган аксакалдарын чогултуп, эки жакты тең ынтымакка чакырышты. Дунгандар диаспорасынын жетекчиси Эсен Исмаилов “Азаттыкка” билдиргенге караганда, кыргыз жана дунган улутундагы адамдар элдешип, мындан ары чыр- чатаксыз жашоого сөз беришти.

- Баары тынч, эки тарап тең элдешти. Баарын баштап, жакшы жашамак болушту. Мыйзам бар, эгер бирдеке болсо мыйзамдын тили менен жашамак болушту. Көчүп кетип аткандарга үйлөрүнө кайра келсин дедик,- дейт Эсен Исмаилов.
Кыргызстанга дунгандар 130 жыл мурда көчүп келген жана мындай чатакташкан окуя биринчи жолу болду. Кыргызстанда 70 миңге чукул дунган жашайт.

XS
SM
MD
LG