Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

ООГАНСТАНДА ДИНИЙ АРАЗДАШУУ ЧЫКТЫ


Нарын АЙЫП, Прага 9-февралда эртең менен Ооганстандын Герат шаарында куралдуу кагылышуу болуп, кеминде беш адам набыт кетти. Провинция губернаторунун айтымында, кагылышуунун чыгып кетишине сырткы күчтөрдүн да тийешеси бар болушу мүмкүн.

Шийи мусулмандары азыр Ашураны белгилеп жатат, 680-жылы азыркы Ирактагы Кербала шаарынын алдындагы салгылашууда Мухаммед пайгамбардын небереси имам Хусейн курман болгон жана ошондон тартып мусулмандардын шийи жана суннилерге бөлүнгөнү күчөгөн. Кербалага азыр он миңденген адам чогулуп, имам Хусейнди эскерүүдө, кошуна Ооганстан менен Пакистанда дагы Ашура белгиленип жатат.

Ооганстандын Герат шаарында чогулган эл арасына 9-февралда эртең менен кимдир бирөө граната ыргытып жиберген жана андан соң ок атышуу да башталган. Доктурлардын айтымында, кеминде беш адам курман болду жана отузга жакын киши жараат алд

Гераттын губернатору Сайед Хусейн Анваринин айтымында, кагылышуу - шаар ортосундагы Жами мечитинде уюштурулган провокациядан улам башталган: "Тилекке каршы, Жами мечитине бүгүн бир нече адам кирген. Киргенден кийин алар кыйкырып, шийилер суннилердин жетекчиси Азирети Омари Фарукту шылдыңдап жатышат деп кыйкырган. Чындыгында ал калп болчу. Бул жөн гана провокация", - дейт губернатор.

Анын айтымында, өлкөнүн ички иштер министрлиги жана чалгындоо кызматынын агенттери азыр - ал провокация кошуна Пакистан же Иран тарабынан уюштурулганбы деген маселени териштирүүдө: "Бул иш Гераттагы жоопкерсиз топтор тарабынан уюштурулган. Мунун артында чет мамлекеттер да болушу мүмкүн жана андай мүмкүнчүлүктөр азыр текшерилип жатат. Биздин билишибизче, окуяга жооптуу адамдар Ооганстандын душмандарына кызмат кылат. Алар мусулмандарды экиге бөлүп, аларды бир-бирине кайраштырууга аракеттенүүдө", - деди губернатор Анвари "Азаттыктын" Ооган кызматынын кабарчысына.

Ооганстандан келип түшкөн кабарларга караганда, ачууланган шийилер өч алууга аракеттенүүдө жана дагы жаңы кагылышуулар чыгып кетиши мүмкүн. Өкмөт Герат шаарына аскер киргизди.

XS
SM
MD
LG