Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Ооганстандын аймагынан совет аскерлеринин чыгарылганына 17 жыл болот


БИШКЕК. 11-февралда Ооганстандан советтик аскер күчтөрүнүн чыгарылып кетишинин 17 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны болуп өттү. Анда Ооган согушунун ардагерлери жана ошол согушта набыт кеткен жоокерлердин ата-энелери, жакын туугандары катышты. Кыргызстандан Ооганстанга 7 миң 175 аскер чакырылып, анын 300гө чукулу кайтпай калган, ал эми 1 миңден ашуун жоокер оор жарадар болушкан. Ооган согушуна катышкан ардагерлер мамлекет тарабынан мыйзамда каралган жеңилдиктердин көпчүлүгү аткарылбай жатканын, аткарылса да ар кандай тоскоолдуктар убаракерчиликти жаратып жатканын билдиришти. Ал эми өкмөттүн социалдык жана маданиятты өнүктүрүү башкармалыгынан Ооган согушунун ардагерлерине мамлекет тарабынан көңүл бурулууда, деп маалымдашты.

XS
SM
MD
LG