Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:06

Белгилүү инсан Салижан Жигитов дүйнө салды


БИШКЕК. 10-февралда Кыргыздын чыгаан инсаны Салижан Жигитов 70 жаш курагында катуу оорудан дүйнөдөн кайтты. Салижан Жигитов 1936-жылы Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Көлдүк кыштагында туулган. Алгач ошол жердеги “Кызыл Октябрь” жети жылдык мектебинен билим алып, кийин соң Бишкектеги №5 кыргыз орто мектебин аяктаган. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, айылдык мугалим, андан кийин Илимдер Академиясында Тил-адабият институтунда кенже илимий кызматкер, Кыргыз радиосунун адабий-драмалык берүүлөр редакциясында ага редактор болуп эмгектенген. Ал илимий иштерин Кыргыз илимдер академиясынын аспирантурасынан баштап, мамлекеттик бир катар жооптуу кызматтарда иштеген. Салижан Жигитовдун “Жылдар жаңырыгы”,”Акындын эки өмүрү” жана башка чыгармалары, кыргыз адабиятын изилдөө боюнча илимий иштери жана сын макалалары, котормолору кыргыз тилинде жарык көргөн. Табийгатынан шайыр мүнөз, чындыкты таамай айткан Салижан Жигитов “Азаттык” радиосунун Бишкектеги бюросун 1995-1996-жылдары жетектеген. Өмүрүнүн акыркы күндөрүндө Бишкектеги “Манас” Кыргыз-Түрк университетинин социалдык илимдер инситутунун директору болуп иштеп келген.
Маркумду акыркы сапарга узатуу митингиси дүйшөмбү күнү саат 10-00дө Кыргыз Улуттук драма театрында өткөрүлөт. Бул боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын жетекчилигине вице-премьер-министр Адахан Мадумаров дайындалды.

XS
SM
MD
LG