Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Парижде Тоолуу- Карабах чатагын жөндөө боюнча сүйлөшүүлөр аяктады


Бул максатта француз башкалаасына Азербайджан менен Армениянын президенттери Ильхам Алиев жана Роберт Кочерян келип, сүйлөшүүлөр кечээ башталган. Бүгүн Париждин жанындагы Рамбуе сарайында сүйлөшүүлөр аяктаган соң президенттер эч кандай комментарий берген жок. Жолугушуу ЕККУ уюмунун ортомчулугу астында өттү. Маалыматтарга караганда, тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты. Анын эмки мөөнөтү менен орду али такталмакчы.

Карабах жаңжаалы чыкканына быйыл 18-жылдын жүзү болду. Азербайджан менен Армения ок атышууну 1994-жылы токтоткон. Согуш учурунда 30 миңдей адам өмүрүнөн айрылып, 1 миллиондой киши үй-жайынан безген. Тоолуу Карабах - Азербайджандын саны жагынан армяндар басымдуулук кылган аймагы эле. Эки өлкө азырынча бул маселеде саясий мунасага жете элек.

XS
SM
MD
LG