Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

Текебаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызы 20-февралда добушка коюлат


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш дүйшөмбү күнкү отурумунда Ө. Текебаевдин кызматтан чегинүү жөнүндө арызын кароого макул болгон чечим кабыл алды. Парламенттеги регламент боюнча төраганын арызы берилгенден кийин 3 күндөн эрте эмес, 5 күндөн кеч эмес аралыкта каралышы керек. Ушул эреженин негизинде парламент бул маселени 20-февралда карамай болду. Төрага кызматынан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын Өмүрбек Текебаев өткөн жумада эле билдирген. Бул маселенин көтөрүлүшүнө төраганын 3-февралда президенттин дарегине айткан сөзү негиз болду. Төраганын сөзү орой формада айтылып, президенттин ар-намысына жана беделине доо кетиргенин башкы прокурор Камбараалы Конгантиев эскерткен.

XS
SM
MD
LG