Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

КОФИ АННАН МЕНЕН ЖОРЖ БУШ ДҮЙНӨЛҮК МАСЕЛЕЛЕРДИ ТАЛКУУЛАЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Бириккен Улутттардын баш катчысы Кофи Аннан 13-февралда кечинде Вашингтон шаарында АКШ президенти Жорж Буш менен жолугуп, көптөгөн дүйнөлүк маселелерди талкуулаганга даярданууда. Эки жетекчи пикир алышкан проблемалар арасында Ирандын өзөктүк изилдөөлөрү, Ирактагы абал, Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдөн чыккан маселелер жана башкалар болот.

Эксперттердин пикиринде, талкуу негизинен Ирандын айланасында болот, бирок башка дүйнөлүк маселелер дагы каралат. Жекшемби күнү Ирактын жаңы парламенти мурдагы убактылуу премьер-министр Ибрагим Жаафарини өлкөнүн жаңы туруктуу өкмөтүн жетектөөгө шайлады жана бул маселе дагы өтө орчундуу, анткени буга чейин Ирак коомунда Жаафаринин ордуна башка адамды премьер кылып тандоо сунуштары айтылып келген.

Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдөн чыккан маселелер дагы талкуусуз калбайт. Жакында АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Тегеранды күнөөлөп, Иран жетекчилиги мусулман коомчулугун атайылап Батыш мамлекеттерине каршы үгүттөп жатат деп билдирген. Анын пикиринде, андай митинг-демонстрациялар азыркы бойдон уланса, жагдай көзөмөлдөн чыгып да кетиши мүмкүн.

Тегеран андай күнөөлөрдү четке кагууда жана Батыш менен Иран ортосундагы тирешүү улам күчөп баратат. Эксперттердин айтымында, Тегеран азыр Батыш үчүн үч маселе жаратууда. Өлкөнүн өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан проблема жана Батыш мамлекеттерине каршы багытталган элдик демонстрациялардан тышкары, АКШ саясатчыларынын пикиринде, Иран кошуна Ирактын ички иштерине да кийлигишип жатат.

Австралиянын Улуттук университетинин эксперти Глен Барклайдын айтымында, АКШ президенти Бириккен Улуттардан - Иранга каршы күч колдонуу аракеттерин жактырып берүүнү сурашы мүмкүн, бирок Аннан ага көнбөй тургандай: "Иран маселесин чечүүдө Аннан дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү улантууну сунуш кылууда. Кандайдыр бир күч колдонуу аракеттерин ал жактырбайт. Америка менен Израил болсо Иранга каршы күч колдонууга даярданышы мүмкүн жана ага эл аралык колдоо издеп жатат, бирок, менин оюмча, алар андай колдоого жете албайт жана башка жактан колдоо албастан алар экөө өздөрү күч колдонот деп мен ойлобойм", - дейт Барклай.

Батыш маалымат каражаттарында болсо азыр - Ирандын өзөктүк ишканаларын АКШ менен Израил күч менен жок кылып салууга даярданууда деген маалыматтар чыгып жатат. Бир кезде Франциянын жардамы менен Багдад өзүнө өзөктүк реактор куруп алганда, Израилдин учактары 1981-жылы Ирактын аба мейкиндигине кирип, аны бомбалап жок кылып салган.

XS
SM
MD
LG