Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Грузия 3 жылдын ичинде жакырдыктан чыгат


Грузиянын парламенти бүгүн өлкөдөгү орусиялык тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн Грузия аймагынан чыгып кетишин талап кылат деп күтүлүүдө. Грузин депутаттары менен өкмөт орусиялык тынчтык күчтөрүнүн ишине терс мамиледе. Анткени алар “Тблисинин Түштүк Осетия жана Абхазия менен мамилелерине Москва кийлигишип жатат” деп эсептешет.
Шейшемби күнү парламентте жылдык билдирүүсү менен чыгып сүйлөгөн сөзүндө Грузиянын президенти Михаил Саакашвили: “3 жылдын ичинде өлкө жакырдыктан чыгат”, - деп билдирди. “2008-жылы дүйнөдөгү кедей жакыр мамлекеттердин ичинде Грузия болбойт” деди Саакашвили.

XS
SM
MD
LG