Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

Бириккен Улуттардын комиссиясы АКШнын Гуантанамо базасын жабууну сунуш кылууда


Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча комиссиясы бүгүн АКШ жетекчилигине кайрылып, Куба аралындагы Гуантанамо базасында кармалган туткундарды бошотууну сурады. Комиссиянын эксперттери атайын тергөө жүргүзүп, 54 беттен турган атайын отчет чыгарды жана анда - аскерий база жабылыш керек деген жыйынтык чыгарылган. АКШнын Женевадагы өкүлү Кевин Моллинин айтымында, ал базада адам укуктары бузулганы тууралуу комиссия көп деле далил тапкан эмес, базага келип кетүү сунушун болсо эксперттер четке каккан.

XS
SM
MD
LG