Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Пакистанда антиевропалык митинг-демонстрациялар уланууда


Пакистандын борбору Исламабад шаарында бүгүн дагы бир ири антиевропалык демонстрация өткөрүлдү жана полиция аны күч менен таркатты. Жыйынга тыюу салынган жана полиция жүзгө жакын адамды алдын ала убактылуу камакка алган. Өлкөдө мурда өткөрүлгөн митинг-демонстрациялар учурунда беш адам каза тапкан. Түркиянын Ыстамбул калаасында дагы бүгүн каршылык митингдери болуп өттү. Индонезиянын борбору Жакарта шаарында болсо АКШ элчилигине каршы бүгүн таштар ыргытылды. Сауд Арабиянын бир гезити бүгүн - Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган даниялык гезиттин кечирим сураган билдирүүсүн басып чыкты.

XS
SM
MD
LG