Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

НУРЛАН МОТУЕВ - МЫЙЗАМСЫЗ ДАЙЫНДАЛГАН ДИРЕКТОР


Нарын шаардык соту Нурлан Мотуевдин “Акулак” мамлекеттик ишканасына мыйзамсыз дайындалгандыгы жөнүндө доо арызды канааттандырган чечим чыгарды. Соттун бүтүмү Мотуевди мамлекеттик ишканага мыйзамсыз дайындалган деп айыптап келаткан “Акулак” акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы Орозбек Дүйшеевдин арызынын негизинде чыгарылды.

Орозбек Дүйшеев сотко жолдогон арызында “Акулак” мамлекеттик коомунун 2005-жылдын 20-августунда акционерлердин кезексиз өткөрүлгөн жалпы чогулушунун жана 2005-жылдын 20-августунда өткөн директорлук кеңешинин заседаниесинин протоколун жана чечимдерин жараксыз деп табууну сураган. Сот аталган чечимдер Кыргыз Республикасынын акционердик коомдор жөнүндөгү мыйзамын бузуу менен кабыл алынган деп эсептеп, ошонун негизинде кабыл алган протоколдору жана чечимдери негизсиз деп чечти.

Судьянын айтымында учурдагы “Акулактын” жетекчилигине билдирүү жиберилгенине карабай алар келген эмес. Сотко доогер Орозбек Дүйшеев да катышкан жок. Доогердин адвокаты Бошкой Молдокуловдун пикиринде 20-августтагы акционерлердин чогулушу мыйзамсыз өткөн. Ошол себептүү Нурлан Мотуевди тогуз айдан бери “Акулактын” мыйзамсыз директору болуп иштеп келатат:

- Акционердик коомдун кабыл алынган законy боюнча акционерлерге жана кызыккан ар кайсы уюмдарга таркатылып, официалдуу маалыматтарда кулактандыруу берилип анан өткөрүлүш керек эле. Көмүрдүн мурунку жетекчилери Бишкектен келишип эле эч кимдин катыштырбай чогулушту өткөрүшүп, Мотуевди шайлап алып кетишкен. Бүгүн шаардык сотунда акционердик коомунун чогулушу туура эмес өткөндүктөн сот жокко чыгарды. Нурлан Мотуев мыйзамсыз директор. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, президент тарабынан кол коюлган законду бузушту. Эгер ошондой эле Мотуевди дайындагысы келсе закондун негизинде дайындашса болмок. Ошондуктан Мотуевдин дайындалышы негизсиз.

Судья Замира Амиракулованын айтымында утулган тараптар 30 күн ичинде апелляциялык жана көзөмөл иретинде сотко кайрыла алышат.

XS
SM
MD
LG