Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:24

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү болду


БИШКЕК. Кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча эки тараптуу эксперттик жумушчу топтун өткөн жума ичинде Жалалабат облусунда өткөн кезектеги сүйлөшүүсүндө Баткен жана Фергана облустарынын ортосундагы чек ара тилкесинин дагы бир чакырым 800 метр бөлүгү такталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» кыргыз өкмөтүнүн алдындагы регионалдык маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы Саламат Аламанов шейшембиде билдирди. Анын айтымында, эки ортодо талаш туудурган маселелер боюнча тараптар бул жолку сүйлөшүүдө да бир пикирге келе алышкан жок. Жалпысынан кыргыз-өзбек чек арасында эки тарап бир пикирге келе албай жаткан 50 чакты аймак бар.

XS
SM
MD
LG