Бириккен Улуттардын Адам укуктар боюнча комиссиясынын төрайымы Луиз Арбур бүгүн Чеченстанга келди. Арбур айым жумурияттын президенти Алу Алханов жана өкмөт башчынын милдетин аткарган Рамзан Кадыров менен жолугуп, региондогу маселелерди талкуулайт. Кечээ күнү Арбур кошуна Ингушетияда болгон, эртең болсо Түндүк Осетия жумуриятына барат.