Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:59

«Кумтөр оперейтинг компани» январда бюджетке 77 млн. 600 миң сом кошту


БИШКЕК. «Кумтөр Оперейтинг компани» жабык акционердик коому 2006-жылдын январында Кыргызстандын бюджетине 77 миллион 600 миң сом которду. Мындай маалыматты ишкананын маалымат кызматы 22-февралда таратты. Бул каражаттын 7,8 миллион сому автожол үчүн салыкка, 3 миллион сому пайдадан түшкөн салыкка, 3,5 миллион сому кошумча нарк салыгына төлөнгөн. Маалыматта ишкана мындан ары да Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык алган милдеттенмелерин так аткарарын белгилеген.
Бирок, өткөн аптада Бишкек райондор аралык соту канадалык ишкананы жер салыгы үчүн 45 миллион сомдон ашык каражатты мамлекетке төлөп берүүнү милдеттендирди. Ишти кароого Жетиөгүз райондук мамлекеттик администрация менен Жогорку Соттун депутаты Кубанычбек Исабековдун доо арызы негиз берген.

 

XS
SM
MD
LG