Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Москвадагы кырсыктан кеминде 40 киши ажал тапты


Акыркы кабарларга караганда орус баш калаасындагы Басман базарында өрт чыкты. Бүгүн эртең менен базардын чатыры урап, соңку маалыматтарга ылайык, 40 адам каза болду, ондогон кишилер жаракат алды. Өрт эмнеден келип чыкканы азырынча белгисиз. Куткаруучулар аман калган кишилерди издөөсүн улантышууда. Кырсык боюнча кылмыш иши козголду.
Базар 1970-жылдары архитектор Нодар Канчелинин долбоору боюнча курулган. Аталган архитектор эки жыл мурун ураган “Трансвааль” аквапаркын да долбоорлогон. Прокурорлор кырсык архитектуралык кемчиликтерден келип чыккан деп ырасташууда.

XS
SM
MD
LG