Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Текебаевдин отставкасына байланыштуу кайра добуш берүү маселеси дүйшөмбүдө каралышы ыктымал


БИШКЕК. Азырынча бул маселе боюнча фракциялар менен депутаттык топтордун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев билдирди. Ал эми айрым депутаттардын көз карашында кайра добуш берүу маселеси күн тартипке коюлушу регламентте каралган эмес. Депутаттардын бир бөлүгү болсо, Өмүрбек Текебаевдин отставкага кетүү жөнүндөгу арызын канааттандыруу боюнча кайрадан добуш берүүнү талап кылышууда.
20-февралда парламентте анын төрагасынын отставкасы боюнча добуш берүү болуп, Өмүрбек Текебаевдин арызын канааттандырууга 4 добуш жетпей калган. Ал эми депутат Зияддин Жамалдинов добуш берүүдө 1 бюллетень ашык чыккандыгына байланыштуу кайрадан добуш берүү маселесин көтөрүп чыккан.

XS
SM
MD
LG