Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

КАРАСУУ : ЭЛЕКТР ТАРМАКТАР ИШКАНАСЫН КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨР СОТКО БЕРГЕН ЖАТЫШАТ


Кубанычбек Жолдошев, Карасуу Карасуу шаарынын тургундары райондук электр тармактар ишканасын электр кубатын керектөөчүлөрдүн укугун басмырлаган деп айыптап, сотко бере тургандыктарын жарыялашты. Алар электр тармактар ишканасынан моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн бир миллион сом талап кылышмакчы.

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоп сотко кайрылып жаткан атуулдардын айтымында электр тармактар ишканасынын инспекторлору электр эсептегичтерди атайылап өздөрү бузган, пара талап кылган жана электр жарыгын негизсиз өчүрүп кеткен учурлар көбөйүп кеткен.

- Бир күнү Карасуу электр тармактар ишканасынан кызматкерлер үйгө келишип, электр эсептегичиңиз бузук экен деп мени коркутушуп, пара берүүмдү талап кылышты. Пара берүүдөн баш тарттым. Анан прокуратурага арыз менен кайрылдым эле. Алардын бардыгынын тили бир экен, эч кандай чара көрүлгөн жок. Айла кеткенде маалымат каражаттар аркылуу коомчулукка булардын кылган иштери тууралуу айтып чыгууну туура көрдүк, - дейт Карасуу шаарынын тургуну Галина Каримова.

Жергиликтүү тургун Дилярбек Жумабаев электр тармактар ишканасын керектелген электр кубатынын эсебин чыгарууда абоненттерди алдап келишет деп айыптады:

- Электр эсептегичти бузулуп калыптыр деп текшергени бирөөлөр алып кетишкен эле. Андан үч күндөн кийин эле дагы бирөөлөр келишип ээсинен сурабай эле үйгө киришип электр энергиясын үзүп, электр эсептегичи жок электр энергиясын пайдаланып келгенсиң деп, мага пара бербесеңер чоң өлчөмдө жаза салынат деп коркутушту. Бул нерселерди далилдей турган күбөлөр да бар.

Карасуу райондук электр тармактар ишканасынын башчысы Данияр Сыдыков өз кезегинде алардын дарегине айтылган доомат арыздарды суу кечпейт деп четке кагууда. Анын айтымында арыз дооматтар ашыкча жабылган электр энергиясы үчүн төлөгүлөрү келбей жатышкан абоненттер атайылап уюштурган каралоо аракетинин натыйжасы болуп саналат:

- Электр зымдарынын туруктуулугу жарык бергенге жана үйдөгү электр жабдыктарга ток берүүгө гана эсептелинген. Бизге сапатсыз электр берилип атат деген сөздүн өзү жаңылыштык деп ойлойм. Биздин кызматкерлер пара сураган, же башка нерселер болсо келип мага кат жүзүндө кайрылышсын.

Анткен менен электр тармактар ишканасынын ишмердигине нааразы 49 атуул өз укуктарын коргоп баары бир сотко кайрыла турганын билдиришти. Алар материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн ишкананы 1 млн. сом айыпка жыгууга белсенип жатышат.

XS
SM
MD
LG