Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Президент менен ыңкылаптын лидерлеринин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүүдө


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев менен ыңклаптын башында турган лидерлер, алардын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров, «Асаба» кайра жаралуу партиясынын төрага орун басары Роза Отунбаева жана башкалар президент Курманбек Бакиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу 26-февралда «Асаба» партиясынан билдиришти. Сүйлөшүүдө ыңкылаптын башкы максаттарынын аткарылышы, Конституциялык реформа, кадр маселелери боюнча пикир алмашуулар болуп, сунуштар айтылууда. Келээрки аптанын башында президент менен ыңкылаптын айрым лидерлеринин ортосудагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кеңири маалымат берилет. 24-декабрда Бишкекте «Асаба» партиясынын демилгеси менен өткөн Кыргызстан элинин 6-курултайында кадр маселесине байланыштуу Таштемир Айтбаев, Курманбек Осмонов, Турсун Турдумамбетов, Чолпон Баекова сыяктуу 43 адам Акаевдин доорунда иштеп, Кыргызстанды ушундай кыйын абалга алып келгени үчүн азыркы кызматтарынан токтоосуз четтетилүүгө тийиш деген чечим кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG