Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:28

Жалалабат облусунда ыңкылапка арналган эстелик тургузулат


ЖАЛАЛАБАТ. Мындай чечим 1-мартта өткөн облустук бийликтин сынак комиссиясында кабыл алынды. Комиссияга сунуш этилген 9 эмгектин арасынан “Март ыңкылабы жаңы заман” аттуу ишке биринчи орунду ыйгарды. Эмгектин үлгүсүн оштук скульптор Равшан Маматкулов менен архитектор Жаңыбай Исаков чийишкен. Монументти жезден жасоо үчүн зарыл болгон 2 млн. сомду табууга облустук бийлик кызыкдар. Эстеликте күнгө карай гүлчамбар сунган аялдын жана ааламга нурун чачкан гүлдүн элеси түшүрүлгөн. Бийиктиги 20 метрге жакын боло турган монумент Ош-Бишкек жолунун Сузак районундагы бөлүгүнө, же Жалалабат шаарынын астанасына орнотулушу ыктымал.


Аба ырайы

БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, 2-мартта Кыргызстандын аймагы боюнча күн бүркөлүп ачылып турат. Айрым аймактарда жаан жаайт. Тоолорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3...+8, күндүз +7...+12 градус.
Таласта түнкүсүн +1...+6, күндүз +6...+11 градус болот.
Жалалабат, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +9...+14 градус.
Ысыккөл дубанында түнкүсүн 0...-5 градус, күндүз +1...+6.
Нарында түнкүсүн -11...-16, күндүз -4...+1 градус болот.
Бишкек шаарында сейрек булут каптап турат. Жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +9...+11 градус.



Азиза Турдуева, Аманбек Дилденбай

Редактору Кубатбек ЧЕКИРОВ

XS
SM
MD
LG