Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Үсөн Сыдыковдун Майрам Акаевага каршы доо арызы сотто карала баштады


БИШКЕК. Үсөн Сыдыковдун экс-президенттин жубайы Майрам Акаеванын үстүнөн сотко жолдогон доо арызында эч кандай негиз жок. Бул тууралуу Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович 1-мартта маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы 10-декабрда “Белый пароходдун” интернет сайтына жана “Для Вас” гезитине чыккан Майрам Акаеванын ачык каты Үсөн Сыдыковдун ар намысына, абройуна эч кандай шек келтирбейт. Анда Майрам Акаева Үсөн Сыдыков тууралуу өз көз карашын билдирген.
Ал эми президенттик администрация башчысы Үсөн Сыдыков Майрам Акаеванын интернет сайтка, гезитке жарыялаган ачык каты ар намысына, аброюна шек келтиргендигин белгилеп, сотко доо арыз жолдогон. Ал Майрам Акаевадан моралдык чыгым үчүн 1 млн. доллар өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Биринчи май райондук соту бул иш боюнча 1-мартта сот жараянын баштады.

XS
SM
MD
LG