Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Орловкадагы акыр-чикир көмүлгөн жайдагы кырсыктан адам өлүмү катталды


БИШКЕК. 28-февралда Кемин районундагы Орловка айылынын жанындагы акыр-чикир көмүлгөн жайдан кремний калдыктарын казып алып жаткан жеринен 33 жаштагы Кушнарева деген аялды уранды басып калып набыт болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан 2-мартта билдиришти.
Ушул эле күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рүстөмбеков Орловка, Борду айылдарынын жанындагы уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайларды,ал жердеги тоо кен комбинатынын таштандылары көмүлгөн жерлерди көрдү.Министр таштандылар көмүлгөн жерлерди зыянсыздандыруу үчүн министрликтен кошумча каражат бөлүү керектигин билдирди. Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Бордудагы уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайларды калыбына келтирүүгө 500 миң сом каражат бөлүнгөн.

XS
SM
MD
LG