Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

Башкатчы Кофи Аннан Ирактын ядролук чатагын дипломаттар менен талкуулады


БУУнун башкатчысы Кофи Аннан Ирандын ядролук программасын Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсүнүн элчилери менен талкуулады. Жыйындан кийин Аннан, Кытайдын жана Россиянын дипломаттары Тегерандын ядролук программасына байланыштуу өз ара ишенимге жеткенге убакыт бар экенин айтышканы маалымдалды.
Жума күнү Ирандын уранды байытуу аракетине байланыштуу Иран менен Евробримдиктин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү натыйжасыз бүткөн.
Дүйшөмбү күнү МАГАТЭ Ирандын ядролук чатагын Коопсуздук кеңешине өткөрүп берүү маселесин карайт.
Улуттар Уюмунун атомдук энергия боюнча агенттиги-МАГАТЭнин директору Мухаммед эл- Барадейи ишемби күнү Ирак- ядролук программасынын алкагында- уранды илимий максатта байытуу иштерин токтотпой турганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG