Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

ЧЕЧЕНСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БОЛУП РАМЗАН КАДЫРОВ БЕКИТИЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага Чечен жумуриятынын парламенти 4-мартта Рамзан Кадыровду өкмөт башчысы кылып бекитти. Мурдагы премьер Сергей Абрамов өткөн ноябрда Маскөө алдында автокырсыкка учураган жана 28-февралда кызматынан чегинди. Айрым эксперттердин пикиринде, быйыл отузга чыга турган Кадыров жакын арада Чеченстандын президенти да болушу ыктымал.

Чеченстандын конституциясы боюнча, президенттикке отуздан ашкан гана адам көрсөтүлүшү мүмкүн. Рамзан Кадыров отузга быйыл 5-октябрда чыгат жана айрым эксперттердин пикиринде, президенттик кызматка эң биринчи талапкер болот, анткени чындыгында ал азыр Чеченстанда эң таасирдүү адам.

Рамзандын атасы Ахмет Кадыров бир кезде Джохар Дудаев жана Аслан Масхадов менен кошо Маскөөгө каршы согушкан жана Чеченстандын муфтийи болчу, бирок 1999-жылы экинчи согуш башталгандан кийин Маскөө тарапка өтүп кеткен жана дароо Чеченстандын президенти болуп шайланган. Орусиянын маалымат каражаттары Дудаев менен Масхадовду эске албастан, аны Чеченстандын биринчи президенти деп атайт.

2004-жылдын 9-май күнү Грозный шаарында Жеңиш күнү менен байланыштуу салтанаттар өтүп жатканда бомба жарылып, Ахмет Кадыров курман болгон жана ошол эле күнү Орусиянын мамлекеттик сыналгысы - Кадыровдун уулу Рамзан менен президент Владимир Путин ортосундагы жолугушууну көрсөтүп, Рамзанды Кремил колдогонун ачыкка чыгарган жана көп узабай Рамзан биринчи вице-премьер болуп дайындалган. Ошол эле жылдын декабрында болсо Путин ага Орусиянын Баатыры деген наамды да ыйгарды.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Иван Рыбкиндин айтымында, Рамзандын дээрлик эч кандай билими жок. Бирок 2004-жылы ал Дагестан университетин заочно бүткөнү жөнүндө кабарланды жана андан көп өтпөй Орусиянын Табигый илимдер академиясы аны өзүнүн ардактуу мүчөсү кылып алды.

Белгилүү орус журналисти Анна Политковскаянын жазганына караганда, Рамзандын өз куралдуу тобу бар, аларды "кадыровчулар" деп атайт, ал жоокерлер көптөгөн кылмыш иштерине, адамдарды барымтага алуу окуяларына да катышкан жана Центорой айылында Рамзандын өзүнүн жеке менчик абагы да бар.

Былтыр Рамзанга - Чеченстанга федералдык өкмөт тарабынан бөлүнгөн каражатты пайдаланууга көзөмөл салуу милдети жүктөлгөн жана айрым байкоочулардын ишениминде, ар каражатты бөлүштүргөндө Рамзан өзүнө белгилүү өлчөмдөгү пайызды кармап калат. "Азаттыктын" Түндүк Кавказ кызматы кабарлаганга караганда, Рамзан азыр Чеченстандын мунай өндүрүшүн көзөмөлдөйт жана Чеченстан менен кошуна Дагестандагы май куюучу көптөгөн түйүн дагы ага киреше алып келет, ошондуктан ал айрым учурларда президент Алу Алхановду да өз айтканына көндүрө алат.

Абрамовко чейин Чеченстандын премьер-министри болуп иштеген Михаил Бабич 1-мартта маскөөлүк "Независимая газетага" берген интервьюсунда - эми Рамзандын чыныгы бийлигин расми түрдө бекитүүгө мезгил жетти деп билдирди. Бирок Путиндин Түштүк регион боюнча өкүлү Дмитрий Козак 1-мартта айтканга караганда, Алхановдун президенттик мөөнөтү 2008-жылы аяктаганга чейин, ал кызматка Рамзанды көрсөтүү маселеси көтөрүлбөйт. Анткен менен маскөөлүк эксперт Алексей Малашенконун пикиринде, чечен жетекчилери көп учурларда өз ажалынан өлбөгүнүн дагы эстен чыгарбаш керек.

XS
SM
MD
LG