Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:09

24-март ырасмий түрдө белгиленет


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев 24-мартты майрам күн катары белгилөө тууралуу жардыкка кол койоорун билдирди. Бул коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, айрымдар аны кубатташса, дагы бирөөлөр ага каршы чыгууда. Маселен, «Эрайым» бейөкмөт уюмунун башчысы Ракыя Жусупова ыңкылап өз максатына жетпегендиктен аны майрамдоонун кажети жок деп эсептесе, билим берүү министри Досбол Нур уулу 24-мартты ыңкылаптын жеңиши, эгемендик күнгө тете майрам болушу керек деп эсептейт. Ал эми мурдагы ички иштер министри Кеңешбек Дүйшөбаев адегенде бул күнү чыныгы ыңкылап болдубу же төнкөрүшпү деген суроого элден сурамжылоо жүргүзүү керек деген пикирде.
Учурда Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров 24-мартты ырасмий түрдө белгилөө тууралуу мыйзам долбоорун даярдоодо. Ал жакынкы күндөрү парламенттин кароосуна коюлушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG