Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

БАТКЕН : ТОЛГООСУ ЖЕТКЕН ПРОБЛЕМАЛАР МЕНЕН ӨКМӨТ БАШЧЫ ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ


Сабыр Абдумомунов, Баткен. Баткен облусунда Бүргөңдү массивинде жаңы район түзүү жөнүндө сунушту Өкмөт карап чыгат. Чегараларды айланып өтүүчү жолдордун курулушу быйыл башталат. Кадамжай сурма комбинатынан чыккан уулуу заттардын калдыктары Пүлгөн айылына коркунуч туудурууда. Премьер-министр Феликс Куловдун Баткен областында болгон сапарынын учурунда ушул маселелерге орчундуу көңүл бурулду.

Өкмөт башчысынын Баткендеги алгачкы сапары эки күнгө созулуп, облустун аймагындагы кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чегара тилкелери, өнөр жай ишканалары менен таанышып чыкты. Премьер-министр журналисттерге берген интервьюсунда иш сапарынын негизги максаты министрлер менен биргеликте, Баткен аймагындагы көйгөйлүү маселелер менен жайында таанышып, алардын негизгилерине токтолду.

Премьер-министр Баткендеги эки күндүк сапарынын жүрүшүндө бул областтагы толгоосу жетип турган эң орчундуу маселелер менен таанышып, дароо эле аларды чечүү боюнча чараларды көрө баштады.

-Биз бул маселелерге төмөнкүлөрдү киргиздик, алгач Ош-Исфана кан жолунун, Чорку тажик айылын айланып өтүүчү бөлүгү, бул жолдун алгачкы иштери үчүн 1млн. АКШ долларын беребиз. Экинчиси Баткен районунун 100 миңге жакын аянт жерди, суу менен камсыз кыла ала турган «Теке секирик» долбоорун бүткөрүү. Бул долбоордун изилдөө иштерине 3 млн. сом акча бөлүнмөкчү. Лейлек районундагы Максат айылына сугат суу чыгаруу үчүн туннель курулушун да киргиздик.

Өкмөт башчысы ошондой эле Сүлүктү шахтачыларынын ишин илгерилетүү үчүн 12 млн. сом акча таап берүү тууралуу да айтып өттү.

Жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда курчуп кеткен чегара маселелери козголду. Жергиликтүү атуулдар өзбек же тажик чегара бекеттеринен өтүү кыйынчылыгы жанга батып кеткенин арызданышты, делимитация жана демаркация иштерин тездетүүнү талап кылышты. Чегара маселелери боюнча өкмөттүн өкүлү Саламат Аламанов, өзбек-кыргыз чегарасында талаштуу делген 88 чакырым бар экенин, ал эми кыргыз-тажик талаш аймактары али баштала электигин маалымдады.

Өкмөт башчысы баштаган топ Бүргөндү массивинде болгон учурда, Баткен облус губернатору Султан Айжигитов, Кадамжай районунун акими Дыйканбай Кенжебаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев жаңы Бүргөндү районун түзүү керектигин сунушташты.

- Бул бирден бир мыйзамсыз жер басып алуулардан сактап, административдик жактан чегараны контролдоо жолу. дейт губернатор Султан Айжигитов.

Премьер- министр бул тууралуу сөзсүз өкмөткө сунуш киргизе турганын билдирди.
Өкмөт башчысы өнөржай мекемелеринин абалы менен таанышып жүргөн учурда Кадамжайдагы сурма комбинатынан чыгарылган уулуу заттардын таштандылары Кадамжай шаарчасына коркунуч алып келүү абалында турганына күбө болду.

Курамында мышьяк, селен, коргошун жана бир катар уулуу туз калдыктары бар суюктук таштандылары, союз мезгилинен бери топтолуп олтуруп, бүгүнкү күндө 10 гектарга жакын жерди жараксыз кыртыш менен каптаган. 2005-жылы ээликке келген “АТФ Инвест” компаниясы, маселенин орчундуу экенин сатып алгандан кийин билгенин Кадамжай сурма комбинатынын ген. деректири Александр Валитов маалымдады. Анын айтымында, мурдатан топтолгон калдыктарды нейтралдаштыруу үчүн кеминде бир жарым миллион АКШ доллары керек.

XS
SM
MD
LG