Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Сот Кумтөр ишканасына доо арыздарды карап баштады


БИШКЕК. Бишкектеги Биринчи май райондук соту Кумтөр алтын ишканасына байланышкан Жетиөгүз районунун тургундарынын доо арызын 7-мартта карап баштады. Иштин башында аталган ишкананын жаңыдан алган адвокаты менен саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү материалдар менен таанышууга убакыт сурап сотко кайрылышты. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, ишти кароону 10-мартка жылдырды. 1998-жылдагы Барскоон кырсыгы ден соолугубузга терс таасирин тийгизди деп, жетиөгүздүн төрт тургуну былтыр жайда сотко доо арыз жолдогон жана ар бири Кумтөр ишканасынан бир миллион сомдон моралдык жана материалдык чыгым өндүрүп берүүнү сураган. Сот бул ишке октябрь, ноябрь айларында кайрылып, өкмөт өкүлү келбей калганына байланыштуу артка жылдырган. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Карек» бейөкмөт уюумунун башчысы Эркингүл Иманкожоева билдирди.

XS
SM
MD
LG