Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:32

БИЙЛИККЕ ТААСИР ЭТЕР УКУК ОРУСИЯЛЫКТАРДА ЖОК


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча адам укугунда абалды чагылдыруучу АКШ мамлекеттик департаментинин докладында – Орусияда аткаруу бийликтин бир колго топтолушу өлкө жетекчилигин калк алдында жоопкерчиликтен бошотуп салган деп айтылат. Документте Чеченстанда адам укугунун олуттуу бузулушу да кеп болот. Ошол эле учурда Орусиянын сот органдары кайсы бир учурда бийликке көзкаранды эмес кадамдарды жазап атышы оң көрүнүш катары бааланат. Докладда олуттуу сын уккан мамлекеттер – Беларусия, Иран жана Кытай болгон. Анализчилер болжошунда быйылкы доклад дүйнө коомчулугу Ирак менен Ооганстанда ошондой эле Гуантанамо абагында адам укугун бузуп атат деп америкалык администрациянын өзүн сынга алып аткан учурда жарыяланган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс бейшемби күнү Вашингтон калаада жер жүзүндө элдерде адам укугунун тебеленип тепселип атышын айгинелеген жыл сайын чыгарылып туруучу жыйынтык ариби менен коомчулукту тааныштырган. Ал документ жердигинде 200гө чукул мамлекеттердеги адам укугунун абалына баа берилген. Мурунку жылы катуу сындалган Иран, Кытай, Сауддук арабия, Сирия жана дагы бир катар өлкөлөрдөн соң Орусия бул жылы да сынга алынган.

Быйылкы жыйынтыкта Орусия ички абалы боюнча: «Сот бийлиги кайсы бир учурда бийликтен көзкарандысыз аракет жазаганы байкалды, - деп жазылган. - Мурдагы жылдары башталган реформа уланып атканы менен анын үзүрлүү жемиш алып келгени байкалбайт. Этникалык жана расалык негизде (өлкөдө - ММ) зордук-зомбулук болгондо бийлик аны менен күрөшүү максатта кайсы бир топтор менен жеке бирөөлөрдүн артынан түшүү иштерин жүргүзө баштаган. Ошондой эле адам сатууга бөгөт коюу жагында жетишкен ийгилиги бар», - деп жазылган докладдын Орусияда адам укугун талдоого алган 100 беттен ашуун бөлүгүндө.

Америкалык өкүмөт бышыктоосунан алганда Орусияда азыр «күчтүү президенттик бийлик жана көп партиялуу жүүнү бош система» пайда болгон. Ал эми бийликке таасир этчү атуулдар укугу чектелүүдөн чектелүүгө өтүүдө. Ал документте жазылганга караганда: «башкы бийлик аймактарда губернаторлорду элдин өзүнө тандатууну жоюп салып аларды өзү дайындоо жолуна түшкөндөн тартып бийлик атуулдар алдында жоопкерчиликтен бошонгон».

Жер жерлердеги акимдерди дайындоону Кремл башкача түшүнөөрүн үстүдө жылдын 31 январында журналисттер менен болгон жолугушуу маалында президент Путин чечмеледи эле:

«Мен губернаторду мыйзам чыгаруу жыйынга сунуш гана кыламын, дайындабаймын. Ал эле эмес, жаңы мыйзамга ылайык, эми региондук шайлоолордо жеңип чыккан партия андай талапкерди өзү сунуштоого укуктуу», - деген болуучу мындан бир ай бир апта мурда.

Анализчилер чөйрөсүндө Орусияда адам укугунун тепсөөрүндө калып атышына Батыштын көп учурда көз жумушу да себепкер дешет.
-«Батыштык өнөктөштөр алды менен саясий жана экономикалык божомолдогу жыйынтыкка келип, анан адам укугу тараптагы жагдайга баа бергенге өтүшөт. Өлкөдө бул багытта абал арсар. Жарандар уюмуна (бийлик – ММ) канчалык күчтүү кысым көрсөтүп атканына карабай өлкөдө эркиндик мейкиндиги кыйла кең. Бирок 2007-2008 жылдардагы шайлоолор келип калды. Бийлик ал эркиндик мейкиндикти тарытууга киришет ага биз даяр турушубуз керек», - дейт бүгүн «Адам укугу үчүн» кыймылынын жетекчиси Лев Пономарев.

Бул күнү Вашингтондо ар жылдык документти жарыялоо каадасы үстүндө Кошмо Штаттар мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс мындай изилдөөлөр себебине токтоло кеткен:

«Демократия үчүн күрөшүп аткандарга, өз атуулдары үмүт эткен өйдө турмушка жетүү үчүн күчөнүп аткандарга биз көмөк көргөзүшүбүз керек. Адам укугу боюнча милдеттенме алып, бирок аны аткарбаган мамлекеттерди жоопкерчиликке чакырышыбыз керек. Ошондой эле, биз жер жүзүндө бардык өлкөлөрдөгү коркунучта жашап, бирок эркек болсун аял болсун эркиндикти эңсегендер менен тилектеш экенибизди көргөзүшүбүз керек», - дейт Райс айым.

Кепке алынган документте Орусияда маалымат каражатарына цензура киргизүү жана өкүмөттүк эмес уюмдарды кысымга алуу да сындалган. Былтыркы жылы Чеченстанда адам укугун тебейлеп тепсөө болуп көрбөгөндөй бузулганы тууралуу АКШ мамлекеттик департаменти чыгарган документте ачык кеп бар. Дагы бир жеринде: «кез-кезде маскөөлүк чечендик куралдуу түзүлүш орусиялык бийликтен суранып этпей эле өз алдынча аракет жазайт», - деп айткан.

XS
SM
MD
LG