Иран президентинин айтымында, өзөктүк изилдөөлөр маселеси боюнча Батыш мамлекеттери тарабынан жасалып жаткан басымга Тегеран моюн бербейт. Атом кубаты боюнча эл аралык агенттик маселени үч күн бою караштырып, кечээ күнү - аны Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине өткөрүп берүү тууралуу чечкен жана Кеңештин жыйыны эмки аптада болоору күтүлүүдө. Кеңешке туруктуу мүчө боолуп кирген беш мамлекет - АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франциянын өкүлдөрү маселени жума күнү талкуулайт.