Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:04

Адам укуктары боюнча европалык сот Орусия жаранынын доо-арызын колдоду


Адам укуктары боюнча европалык соттун чечимине ылайык, Орусиянын милицияда кыйноого алынган жаранына 35 миң евро компенсация төлөнүшү керек. Соттун чечиминде айтылгандай, Ольга Менешева аттуу жаран 1999-жылы Батайск деген шаарда адам өлүмүнө байланыштуу камакка алынып, милициядан ур –токмок жеген. Андан соң жергиликтүү сот аны милицияга каршылык көргөзгөн деген кине менен 5 күнгө абакка отургузган. Адам укуктары боюнча европалык соттун пикиринде, орус бийликтери аталган атуулдун милициянын аракетине карата даттанууларына жетиштүү көңүл бурган эмес.

 

XS
SM
MD
LG