Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:25

Облустар жоюлбайт


БИШКЕК. Бүгүн кыргыз өкмөтүндө айыл өкмөттөрүнүн түзүлгөнүнүн 10 жылдыгына байланышкан кеңешме өтүп, ага жергиликтүү бийлик башчыларынын баары катышты. Жыйында президент Курманбек Бакиев сөз сүйлөп, биринчи кезекте айыл өкмөттөрдү борборго болгон каржылык көз карандылыктан ажыратуу зарылдыгын, айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн тиешелүү шарттар түзүлүшү керектигин айтты. Президенттин айтымында, өкмөттүн күчү менен быйылкы жылы өлкөгө миң даана айыл чарба техникалары келет жана дыйкандарга күйүүчү май, үрөн жагынан да колдоо көрсөтүлөт. Мамлекет башчы ошондой эле Кыргызстанда облустарды жоюуга азырынча эрте деп эсептээрин билдирди.

XS
SM
MD
LG