Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Белгилүү диктор Тамара Алсеитова каза болду


Бишкек. 11-мартта 50 жаш курагында атактуу диктор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тамара Алсеитова дүйнөдөн кайтты. Ал 1981-жылы кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштей баштаган. Ошол жылдан өмүрүнүн акырына чейин Тамара Алсеитова кыргыз радиосунда жана телекөрсөтүүсүндө дикторлук кесипти аркалап, кыргыз элине өз кесибинин чыгаан устаты катары таанылган. Тамара Алсеитова 1956-жылы Ыссыкөл облсунун Аксуу районундагы Боз учук айылында туулган. Маркум менен коштошуу 13-мартта саат 10 дө Кыргыз мамлекеттик телерадиокампаниясынын имаратында өтөт. Анын сөөгү Алаарча көрүстөнүнө коюлат.

XS
SM
MD
LG