Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Милициянын полковниги Мурат Жумагулов атып өлтүрүлдү


Бишкек. 10-март күнү түнкү саат он бирге жакын Ички иштер министрлигинин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги Мурат Жумагулов Бишкек шаарында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлдү. Ички иштер министринин маалымат катчысы Аида Бакирова билдирген маалыматка караганда Мурат Жумагулов "Макаров" пистолети менен атылган. Ал түнкү саат бирлерде ооруканада көз жумду. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кылмышкерлерди издеп баштады.

Мурат Жумагулов милициянын полковниги Чыныбек Алиевди, Нурлан Бердикеевди жана Хаваджи Заурбековду өлтүрүүгө катышы бар деп шектелип,сотто суралып, акыры акталып чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG