Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Косово эгемендиктен башка чечимди эп көрбөйт


Провинциянын көз карандысыздыгы гана бүткүл регионго баракатчылык алып келет, деп билдирди Косовонун жаңы премьери Агим Чеку. Чеку кечээ ырасмий түрдө кызматына киришти, ал мурда Косоводогу козголоңчул боштондук армиясынын колбашчысы болгон. Сербиянын тышкы иштер министри Вук Драшкович Австриянын Зальцбург шаарында өтүп жаткан жыйындагы сөзүндө Косовонун эгемендиги жалпы Балкан үчүн “алаамат” болот деп билдирди. Зальцбургда Евросоюздун тышкы иштер министрлери регионду шаркетке кошуу келечегин талкуулап жатышат.

XS
SM
MD
LG