Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:48

Минскте оппозициянын митингинде 15 адам камакка алынды


Митингди беларус оппозициясынын атынан көрсөтүлүп жаткан талапкер Александр Миленкевичтин тарапкерлери өткөрүшкөн. Беларус милициясынын кабарына караганда, кармалгандардын арасында Украинанын да жарандары бар экен. Өткөн аптада Беларуста мыйзамсыз митингдерди өткөргөнү үчүн 10дой адам кармалып, 15 суткага абакка отургузулган. Европалык сот өлкөнүн бийликтерин шайлоо алдында оппозицияны коркутуп-үркүтүп жатышканы үчүн сынга алышууда. Беларуста 19-мартта президенттик шайлоо өтөт.

XS
SM
MD
LG