Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Аскар Акаев биригүүгө чакырат


БИШКЕК. Экс- президент Аскар Акаев бүгүн 14- мартта адвокаты Максим Максимович аркылуу кыргыз элине өз кайрылуусун таратты. Анда мурдагы мамлекет башчы азыркы мамлекеттик жетекчиликти, парламентти жана атуулдук коомду 2005- жылы 24- марттагы окуялардын кесепеттерин жоюш үчүн биригүүгө чакырат. Ал мындан ара жарандык тил табышуу маанайында аракет кылаарын айтып, март окуясынын уюштуруучулары айткандарынын бирин да аткарышкан жок деген пикирин билдирет. Максим Максимовичтин айтымында, Аскар Акаев учурда Москва мамлекеттик университетинде дарс окуп, илимий эмгектерди жазып атат.

XS
SM
MD
LG