БИШКЕК. Бүгүн премьер- министр Феликс Кулов паспорттук кризисти жоюу боюнча өкмөттүн жыйынын өткөрөт. Өкмөт башчы кечээ паспортторду берүүнү ыкчамдатуу боюнча атайын токтомго кол койгон. Анда калкты паспорт менен камсыз кылуудагы ар бир министрликтин милдеттери так бөлүштүрүлдү. Феликс Кулов бүгүн өкмөт мүчөлөрүнө жана башка тиешелүү органдарга тапшырмаларды бермекчи. Учурда Кыргызстанда 600 миңден ашык атуул жаңы паспортко муктаж.