Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Рысбек Акматбаев депутаттыкка талапкер болгондуктан сот дооматынан кутулуп кетиши ыктымал


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык соту оор кылмыш жасаган деп шектелген кылмыштуу топтун башчысы саналган Рысбек Акматбаевге байланышкан ишти карап баштады. Иштин жүрүшүндө Акматбаевдин адвокаты анын Балыкчы шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер катары катталгандыктан шайлоо кодексине ылайык, талапкердин үстүнөн сот болушу мүмкүн эместиги тууралуу сунушун тапшырды. Сот бул маселе боюнча кеңешүүгө убакыт керектигин айтып, кийинки шейшембиге дейре тыныгуу жарыялады. Рыспек Акматбаев баштаган 9 адам Биринчи май райондук соту тарабынан акталган соң, киши колдуу каза тапкан милициянын полковниги Чыныбек Алиевдин бир тууганы шаардык сотко апелляциялык арыз жолдогон.

XS
SM
MD
LG