БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңеште паспорттук кризисти жоюу боюнча парламенттик угуу болот. Өткөн жолку парламенттик угууда айрым депутаттар паспорт маселесин жөнгө сала албаганы үчүн өкмөттү отставкага кетирүү маселесин көтөрүп чыгышкан. Премьер-министр Феликс Кулов кечээ өкмөттүк жыйын өткөрүп, бул маселеге жооптуу айрым чиновниктерге сөгүш жарыялады. Учурда Кыргызстанда 700 миңден ашык адамдын паспорту жок.