Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

АКСЫДА КАН ТӨГҮЛГӨН КАРГАШАЛУУ ОКУЯГА ТӨРТ ЖЫЛ ТОЛДУ


Азиза Турдуева, Бишкек Бүгүн Аксы окуясына төрт жыл болду. Милиция менен кагылышуда окко учкан атуулдардын туугандары бул окуяга күнөлүүлөрдү жазалоо талабын бүгүнкү күнгө чейин коюп келишет.

2002-жылдын март айындагы коогалаңдуу Аксы окуясында алты адамдын өмүрү кыйылган. Алардын бир туугандары андан бери бийликтен күнөөлүүлөрдү жазага тартууну талап кылып, нечен ирет нааразылык акцияларга, жөө жүрүштөргө чыгышкандыгы белгилүү. 17-мартта Боспиек айылында курман болгондордун энелеринин сот акыйкаттыгын издеген кошогу борбор калаага чейин жеткен. Алар Аскар Акаев башында турган бийликтен күнөөлүүлөрдү жазалоону өтүнүшкөн. Бирок, алардын үнү бийликке жетпей, тескерисинче, милиция кызматкерлери аларды ур-токмокко алып, үйлөрүнө мажбурлап кайтарышкан.

Аксылыктар жана бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү 24-марттагы ыңкылаптан кийин да Аксы окуясына саясий баа берилишин жана акыйкат иликтөөнүн жүргүзүлүшүн талап кылып кылууну улантышууда.

Мындай окуянын орун алышын саясатчылар мурдагы бийликтин ишиндеги кемчиликтер менен байланыштырат.

-Бул окуя чындыгында эле бийликтин авторитардык режимге өткөнүнө байланыштуу болду. 1995-96-жылдардан тарта эле авторитардык, үй-бүлөлүк башкаруу системасы орнотула баштаган. 2001-жылы болсо, Үзөңгүкууш маселесинин көтөрүлө баштаган. 140 миң гектар жерди Кытайга берип койгонунун бети ачылып, президентке импичмент жарыялоо маселеси көтөрүлгөн. Аксы окуясынын себептери мына ушуга байланыштуу болгон. Башкы себеби- авторитардык режимде болду. Аксы окуясы Кыргыз тарыхында кара так болуп калды»,-дейт депутат Азимбек Бекназаров.

Көптөгөн серепчилердин көз карашында да Аксы окуясы кокустук болгон эмес. Айрым депутаттар март ыңкылабынан кийин да Аксы окуясына күнөөлүү адамдар сот жообуна тартыла электигин сынга алышууда. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов буга байланыштуу мындай дейт:

Аксы окуясында элди атуу бул эң жогорку деңгээлде кабыл алынган чечим. Курал жөндөн жөн гана колдонулуп кеткен эмес. Бирок, жаңы бийлик келгенине бир жыл чамалап калганына карабастан, Аксы окуясына күнөөлүү адамдардын жоопко тартылбай жаткандыгы өкүнүчтүү көрүнүш .

Ал эми президенттик администрациянын мурдагы жетекчисинин орун басары Болот Жанузаков Аксы окуясын кокустук катары сыпаттап, аны улам козгоонун зарылдыгы жок деп эсептейт:

«-Эми Аксы окуясы эч качан кайталанбасын. Мен бул окуяны кокустук деп түшүнөм. Бул окуя боюнча сот, иликтөө иштери жүргүзүлүп, чаралар көрүлүп бүттү да. Эми кайрадан эле аны козгоп, көтөрө бергендин эмне кереги бар? Бул адамгерчиликке да жатпайт», -дейт Болот Жанузаков.

Атуулдук коомдун өкүлдөрү, айрым саясатчылар Аксы окуясына күнөөлүүлөр азырга чейин сот жообуна тартыла электигине учурдагы бийликти да күнөөлөшүүдө. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун президент Курманбек Бакиев Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланышы керек деген көз карашта экендигин билдирди:

«Президент Аксы окуясына күнөөлүүлөр жазаланышы керек деген пикирде. Мамлекет башчы ошондой пикирде болгондон кийин, сөзсүз түрдө бул маселеде жыйынтык болот деп ишенем. Ал аксылыктарды бир нече ирет кабыл алды. Эми мына Аксы окуясына байланыштуу сот иши кайра каралууда. Албетте, Аксы окуясына саясий баа берилип, күнөөкөрлөр жазаланышы керек», - деп айтты Турсунбек Акун.

24-марттан кийин сот чечими менен каржы министрлиги Аксы окуясында курман болгондордун туугандарына компенсация иретинде 1 млн. сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген.

XS
SM
MD
LG