Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:10

Депутат Акматбаевдин өлүмү боюнча иш сотко өттү


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевдин, жаза аткаруу башкармалыгынын башчысы Икматулла Полотовдун жана Жогорку Кеңештин эки кызматкеринин өлүмү боюнча кылмыш иши Аламүдүн райондук сотуна жөнөтүлдү. Бул иш боюнча Азиз Батукаев, Рустам Абдулин жана дагы үч адам айыпталууда. Бул тууралуу башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Депутат Акматбаев баштаган жогорудагы адамдар былтыр октябрь айында абактагылардын абалы менен таанышууга барган жеринен абакта жаткандардын колунан каза тапкан.

Шайырбек Эркин уулу, Бишкек

XS
SM
MD
LG