Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Парламент депутаттары өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин козгошту


БИШКЕК. Премьер-министр Феликс Куловдун келбей калганына байланыштуу Жогорку Кеңеште бүгүнкүгө белгиленген өкмөттүк саат болбой калды. Өкмөт башчынын келбей койгонуна нааразы болгон депутаттар мындай өкмөттүн кереги жоктугун айтышып, ишеним көрсөтпөө маселесин кайрадан козгошту. Депутат Исхак Масалиев бул маселени добушка койууга далилдер жетиштүү экенин айтты. Бир топ талаш-тартыштардан соң конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетине өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин карап, палатага алып чыгуу боюнча тапшырма берилди.

XS
SM
MD
LG