Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Экс-президент Аскар Акаевдин өзүнө жана үйбүлөсүнө козголгон кылмыш иштери толтура


БИШКЕК. Башкы прокуратура Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевге, анын туугандарына, жакындары мамлекетке жана жеке адамдарга 442,8 миллион сом, 29,6 миллион 800 доллар зыян алып келген. Бул тууралуу башкы прокурор Камбараалы Конгантиевдин жергиликтүү маалымат каражаттарына тараткан билдирүүсүндө белгиленди. Башкы прокурордун айтымында, Акаевдердин жакындарына байланыштуу 79 кылмыш иши козголуп, иликтенди. Алардын ичинен 3 кылмыш иши Аскар Акаевге, бештен кылмыш иштер уулу Айдар Акаевге, күйөө баласы Адил Тойгонбаевге карата козголгон. Майрам Акаева жетектеген «Мээрим» фондусуна байланыштуу 28 иш козголгон. Кылмыш иштердин негизинде 1 миллиард 389,9 млн. сомго, 160 миң еврого, 60 миң долларга бааланган мүлккө арест коюлду.

XS
SM
MD
LG