Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Казакстанда куш тумоосу катталды


Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри кабарлагандай, Каспийдин жээгинде табылган өлгөн аккуунун анализдери позитивдүү болуп чыкты.
Министрликтин ветеринария департаментинин жетекчиси Асылбек Кошмуратов сөз вирустун H5N1 түрү жөнүндө болуп жатканын бышыктады.
Мангыстау жана Атырау чөлкөмдөрүндө үй канаттууларын эмдөө башталды. Былтыр Казакстандын түндүгүндөгү бир нече аймакта куш тумоосуна байланыштуу карантин киргизилген.

Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG