Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:37

Беларустун Тышкы иштер министрлиги Евробиримдикке жана Кошмо Штаттарына кайрылуу жасап, “Беларустун ички иштерине кийлигишпөөгө” чакырды


Буга чейин Германиянын Тышкы иштер министри Франк-Волтер Штайнмайер беларус бийликтерин “оппозиция лидерлерине каршы күч колдонуп жатышканы үчүн” айыптаган эле. Беларуста өткөн президенттик шайлоодо буга чейинки президент Александр Лукашенко кайра шайланышына нааразы болгондор ишембиде Минскте демонстрацияга чыгышкан. Кийин алардын көбү токмок жеп, камакка алынган. Германиялык министр Штайнмайер Евробиримдиктин Тышкы иштер министрлеринин апрелде өтө турган жыйынына беларусиялык оппозициянын лидери Александр Милинкевичти чакыраарын билдирди. Ал, ошондой эле, ишембидеги демонстрацияда башкалар менен бирге абакка отургузулган дагы бир лидер Александр Козулинди тезинен бошотууга да чакырды.

XS
SM
MD
LG