Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирандын өзөктүк программасы боюнча билдирүү таратты


Анда Коопсуздук Кеңеши Тегеранды уран байытуу ишин токтотууга чакырган.
Бүгүн Берлинде Коопсуздук Кеңештеги туруктуу мүчөлөрдүн жана Германиянын Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөт. Анда да бул маселе каралышы күтүлүүдө.

- Бул - Иран уран байытууну токтотууга жетиштүү аракет көрбөй жатканы тууралуу ага жөнөтүлгөн таасын билдирүү. Бу талаштан Иран утушка ээ болбой тургандай. Дагы 30 күн көрөлүчү, алар эмне кылышат экен,-деп билдирди АКШнын Улуттар уюмундагы өкүлү Жон Болтон.

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги беш туруктуу мүчө бир нече аптадан бери “Иранды уран байытуудан баш тарттыра ала турган резолюция кабыл алыш керекпи-жокпу?” деген суроону талкуулап келишкен. Анда, кабарларга ылайык, Орусия менен Кытайдан айырмаланып, Кошмо Штаттары, Франция жана Британия “Тегеранды жакшылап эле коркутуп коюш керек“ деп жатышкан.

XS
SM
MD
LG