Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:38

Россиялык “Союз” космос кемеси бүгүн Эларалык станцияга жетти


Эки күн мурун учурулган кеменин экипажы бразилиялык алгачкы астронавт Маркос Понтес, америкалык Жеф Eильямс жана россиялык Павел Виноградовдон турат.
Маркос Понтес АКШда машыгып, америкалык чөлмөк менен учмак. “Columbia” кемеси кыйрагандан кийин ал пландар ишке ашпай калып, Россия бразилиялык астронавтка космоско барууга мүмкүнчүлүк берди.
Ал эларалык станцияда бир жума болуп, бир катар эксперимент өткөрөт.
9-апрелде Понтес октябрдан бери станцияда иштеп жүргөн америкалык Билл Макартур жана Валерий Токарев менен жерге кайтып келмекчи.
Уильямс менен Виноградов болсо космосто дагы алты ай болушат.
Июль айында аларга германиялык Томас Ройтер кошулмакчы.

XS
SM
MD
LG