Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ СОТ ЧЕЧИМИ МЕНЕН ДЕПУТАТТЫК ЖАРЫШКА КАЙРА КОШУЛДУ


Аманбек Жапаров,Бишкек Жекшембиде Биринчи май райондук соту Рысбек Акматбаевди депутаттык жарыштан четтеткен Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Эми Р. Акматбаев Балыкчы шайлоо округунан депутаттык шайлоого талапкер катары катыша алат. Боршайком райондук соттун чечимин талашып, Жогорку сотко кайрылган жатат.

Сот жараянында Рысбек Акматбаевдин адвокаты, анын өкүлү жана ишенимдүү адамдары Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими туура эмес чыгарылганын айтышып, аткаруу бийлиги тарабынан БШКга саясий тапшырма берилген деп чыгышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Гүлбара Калиева өз кезегинде Рысбек Акматбаев депутаттыкка талапкерлик укугунан мыйзамдын чегинде ажыратылгандыгын далилдеген фактыларын келтирди. Анын айтымында, Рысбек Акматбаев кийинки жылдары чет өлкөлөрдө жашап, укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөгө алынган. Анын мурдагы соттолгону да жоюлган эмес.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Бекболот Жаналиев тараптардын жүйөөлөрүн уккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын Рысбек Акматбаевди депутатыкка талапкерликтен четтеткен чечимин жокко чыгарды.

Мыйзам боюнча соттун чечими токтоосуз күчүнө кирет, даттануучулар он күндүн аралыгында Жогорку сотко кайрылууга укугу бар.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Гүлбара Калиева райондук сотунун чечимине макул эместигин белгилеп, бул маселе боюнча БШК Жогорку сотко кайрыларын билдирди.

Рысбек Акматбаев, анын адвокаты Рысбек Нагаевдин айтымында, сотко кайрылгысы келген эмес. Бирок, анын шайлоочулары сотко барууну суранып көшөрүп туруп алгандыктан, адвокаттар 31-мартта Биринчи май райондук сотуна арыз жазып киргизишкен.

XS
SM
MD
LG