Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

АКШ жана Британия Ирактын саясий лидерлерин жаңы өкмөттү курууну тездетүүгө үндөдү


Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен британ тышкы иштер министри Жек Стро кечээ Багдадга күтүүсүз сапар менен барган учурунда айтылды. Алар президент Жалал Талабани, премьер- министри Ибрагим ал –Жафаари жана башка расмий өкүлдөр менен жолугушту.
Өлкөдө парламенттик шайлоо былтыр 15-декабрда эле болгон. Азыркы премьер- министр Ибрагим ал – Жафааринин кайра өкмөт башчылыкка көргөзүлгөнү жаңы өкмөттүн куралышына тоскоол болгон башкы фактор өңдөнөт. Анын премьер- министрликте калышына суниттер менен күрддөр каршы. Ибрагим ал-Жафааринин дарегине кызматын таштоо чакырыктары кечээ ал өзү мүчөсү болгон шийиттердин альянсынан да айтылды.

XS
SM
MD
LG