Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Ош шаарынын калкы эки күн ичүүчү суусуз калды


ОШ. 31-март түштөн кийинден баштап 3-апрелге чейин шаардын дээрлик бардык кварталдарында таза суу түтүктөрүнөн суу чыкпай калды. Ош шаарынын мэринин орунбарасы Мухидин Мамасадыков шаардын Курманжан датка кичи районунда жайгашкан суу бөлүштүрүү дарбазасынын борбордук станциясында авария болуп, суу түтүктөрү жарылып кетип, аны оңдоо үчүн шаар калкына таза суу берүү убактылуу токтотулгандыгын билдирди. Жергиликтүү санитардык кызматтын өкүлдөрү шаар бийликтеринин мындай кризистик кырдаалдарга даяр эмес экендигин сынга алуу менен, мындай учурларда ар түрдүү жугуштуу ичеги карын ооруларынын таркап кетиш коркунучу бар экендигин эскертишти.

Аба ырайы

БИШКЕК. Метеорология борборунун маалыматы боюнча, 4-апрелде Кыргызстанда жаан-чачындын болушу күтүлбѳйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22 градус.
Таласта түнкүсүн 0…+5 градус, күндүз +16…+21.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23 градус.
Ысыккөл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14 градус.
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13 градус.
Бишкекте күн ачык болуп, мелүүн жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +19…+21 градус болот.

Шайырбек Эркин уулу

Редактору Кубат Чекиров

XS
SM
MD
LG